Текст песни Толкунбек Курманбеков - Жаралуу тагдыр

Просмотров: 2 0 чел. считают текст песни верным 0 чел. считают текст песни неверным

На этой странице находится текст песни Толкунбек Курманбеков - Жаралуу тагдыр, а также перевод песни и видео или клип.

Тууралап сөздөр менен ырларымды
Туюктап айтайын мен сырларымды
Түшүнсөң эгер мени кечирип кой
Түйшүккө салган ошол жылдарымды
Жаралуу тагдыр бар байкалбаган
Жашырып аны сага айта албагам
Жактырып көңүлүмдө жүрсөң дагы
Жаман ой максатымдан кайта албаган
Кайталап капалыгым албайын деп
Кайгыга ата энемди салбайын деп
Капыстан сыйрып алып жаратымды
Кайрадан өкүнүчтө калбайын деп
Колуңду сунсаң коркуп бара албадым
Коштошуп же өзүңдөн кала албадым
Эмне үчүн тагдыр берген махабатка
Тең болуп бир өзүңө жага албадым
Айыптуу тагдырыма сен эмессиң
Арман ай мен өзүңө тең эмесмин
Карындаш капа кылсам кечирип кой
Адаштың арзыганың мен эмесмин
Кылчактап ошондогу караганың
Кыйнадың жүрөгүмдү жараладың
Тагдыр ой өзүң берген махабатка
Тең кылбай мени мынча табаладың
Кайталап капалыгым албайын деп
Кайгыга ата энемди салбайын деп
Капыстан сыйрып алып жаратымды
Кайрадан өкүнүчтө калбайын деп
Колуңду сунсаң коркуп бара албадым
Коштошуп же өзүңдөн кала албадым
Эмне үчүн тагдыр берген махабатка
Тең болуп бир өзүңө жага албадым
Кайталап капалыгым албайын деп
Кайгыга ата энемди салбайын деп
Капыстан сыйрып алып жаратымды
Кайрадан өкүнүчтө калбайын деп
Колуңду сунсаң коркуп бара албадым
Коштошуп же өзүңдөн кала албадым
Эмне үчүн тагдыр берген махабатка
Тең болуп бир өзүңө жага албадым
Опрос: Верный ли текст песни?
Да Нет